ЖОЖко тапшыруучу абитуриенттер ЖРТ күбөлүгүн онлайн түрдө колдоно алышат.

ЖОЖко тапшыруучу абитуриенттер ЖРТ күбөлүгүн онлайн түрдө колдоно алышат. Автоматизациялаштыруу долбоору Билим берүү министрлигинин жана «Түндүк» ведомстволорлор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын өнөктөштүктө «Сорос – Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жатат.

Пенсиялык камсыздандыруу төгүмдөрүн ипотека жана дарылануу үчүн алууга болот.

Пенсиялык камсыздандыруу төгүмдөрүн ипотека жана дарылануу үчүн алууга болот. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди. Анын айтымында, жаран ипотекага үй алуу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания арыз калтырат. Андан кийин компания «Түндүк» системасы аркылуу Социалдык фондго кайрылат. Өз кезегинде фонд компанияга маалымат берет. Андан кийин жаран ипотека алууга макулдук берилгенден […]

Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо

Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылдын ичинде асырап алуу процесси жеңилдетилген жана автоматизацияланган, бул менен бирге коррупциялык тобокелдиктер азайтылды. Эгерде мурда асырап алуу үчүн 9 маалым-кат талап кылынса, азыркы учурда «Түндүк» ведомстволорлор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу алардын ичинен 5 маалым-кат жоюлган. Жарандар асырап алуу үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы […]

«Электрондук ɵз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасынын бир жыл ичинде жасаган иш-чаралары:

1.Бардык мамлекеттик органдар «Түндүк» тутумуна кошулушту, бул 58 министрликтер жана ведомстволор (47 мамлекеттик орган жана 11 ведомстволорго караштуу уюмдар). 2. «ЭАБ» МИ тарабынан демилгеленген мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги маалыматтар базаларын иштеп чыгуу Планы боюнча бүгүнкү күндө 21 мамлекеттик органдарда 68 маалымат базалары ишке киргизилди. 3. Бардык аткарылган иштердин жыйынтыгы болуп «Түндүк» тутуму боюнча 22 мамлекеттик […]

Учурда 53 мамлекеттик орган «Түндүк» тутумуна кошулган

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдерин жана «Санариптик Кыргызстан» санариптик трансформациялоо Концепциясын ишке ашыруу боюнча кеңешме өттү. Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери өткөн кеңешменин жыйынтыгы боюнча берилген тапшырмаларды аткаруунун жүрүш тууралуу отчет беришти. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Электрондук өз ара […]

Эстониянын электрондук академиясы кыргызстандык ишканга жогорку сыйлык тапшырды

«Түндүк» системи Эстонияда эл аралык сыйлыкка татыды

Кыргыз Республикасынын «Электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасы Эстонияда «Жылдын өнөктөшү-2019» сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 21-майда Эстониянын электрондук башкаруу академиясы (E-GA) эң мыкты электрондук башкаруу системи деп «Түндүк» тутумун тапты. Сыйлык тапшыруу аземине 130 мамлекеттен 500 делегат, БУУнун жана Европа биримдигинин өкүлдөрү катышты. «Электрондук өз […]

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн 2019-жылга карата артыкчылыктарын белгиледи

14 Жалган куран, 2019 Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев министрлик жана ведомстволордун жетекчилери менен кеңейтилген кеңешме өткөрүп, 2019-жылга карата Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктарды белгиледи. «Башкы милдет ИДПнын 4% кем эмес өсүүсүнө жетишүү  болуп саналат. Бул үчүн багыттуу иштөө жана ар бир жетекчиге конкреттүү инвестициялык долбоорлорду жана МЖӨ долбоорлорду бекитүү зарыл. Биз экспортту, бюджетке салыктык […]