«ЭАБ» МИ мамлекеттик органдардагы ички процесстерди өзгөртүү боюнча эмнелерди жасап жатат?

Биз ошондой эле мамлекеттик органдардагы ички жол-жоболордун өзгөрүүсүн координациялайбыз.

Мисалы, мамлекеттик сатып алуулар порталында юридикалык жана жеке жактардын карызы жоктугу жөнүндө кагаз түрүндөгү маалымкаттарды берүү зарылдыгын жоюу мүмкүндүгү пайда болду, ал ушул маалыматтарды автоматтык режимде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынан алууга мүмкүндүк берет. Тутум пилоттук режимде 2018-жылдын 17-сентябрынан тартып иштеп жатат.

Андан тышкары, бажылык жана салмак-габариттик контролдоо маалыматар базаларын интеграциялоо үчүн бизнес-процесстерди талдоо жүргүзүлүп жатат; Бул коррупциялык схемаларды жокко чыгарууга, үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоого жана товарларды ЕАЭБден ташып кирүүнү контролдоону жогорулатууга, контрабанда менен күрөшүүгө, бюджеттик жана салыктык келип түшүүлөрдү жогорулатууга, көмүскө бизнестен чыгууга, транзиттик потенциалды жогорулатууга жана ишкерликке күч келүүнү азайтууга, транспорт каражаттарын контролдоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө алып келмекчи.

Ушуну менен бирге, жарандардын ыңгайлуулуктарын жогорулатуу жана «балага сүйүнчү» жөлөкпулун берүү учурунда убакытты азайтуу максатында, ЮНИСЕФ менен бирге, ушул жөлөкпулду берүүнүн бизнес-процестерин өзгөртүү жана «Түндүк» тутумунун жардамы менен өз ара аракеттенип жаткан мамлекеттик органдарды автоматташтыруу боюнча долбоор ишке ашырылган.

Аткарылган иштердин жыйынтыгында «балага сүйүнчү» бир жолку төлөнүүчү жөлөкпулду берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн механизми сунушталган жана ишке киргизилген, анын алкагында маалымат автоматтык түрдө коммерциялык банктарга жөлөкпулду дайындоо жөнүндө арыз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына келип түшкөндөн кийин жөнөтүлөт.

 

«ЭАБ» МИи маалымкаттарды берүүнү жокко чыгаруу жана автоматташтыруу боюнча дагы эмнелерди жасап жатат?

«Түндүк» тутумун ишке киргизүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана жарандар тарабынан бир мамлекеттик органдан экинчисине маалымкаттарды берүүнү жокко чыгаруу максаттарында, «ЭАБ» МИи тарабынан мамлекеттик органдардан юридикалык жана жеке жактардан суралуучу жана алынуучу маалымкаттарды инвентаризациялоо демилгеленген.

Маалымкат, бир мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү жана экинчи мамлекеттик органга жарандын жардамы менен жеткириле турган маалыматты кагазда алып жүрүүчү болуп саналгандыгына байланыштуу, аларды талдоо мамлекеттик органдардын мамлекеттик кызматтарды сунуштоонун алкактарында маалыматтык өз ара аракеттенүүсүн так сүрөттөөгө алып келет.

«ЭАБ» МИ тарабынан суралуучу жана берилүүчү маалымкаттардын жана документтердин саны, ошондой эле алардын мазмуну талдоо жүргүзүлгөн. Айрым учурларда, мамлекеттик органдар өздөрү эле бере турган маалымкатты же документти талап кыла тургандыгы, башка учурларда, маалымкатты же документ берүү үчүн, жарандан дагы бир катар маалымкаттарды жана документтерди алып келүүнү талап кыла тургандыгы аныкталган.

Мында белгилеп кетүү керек, жарандардын паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, билими жөнүндө аттестаты ж.б.у.с. документтер өз багыты боюнча мамлекеттик органдар тарабынан бериле турган узак мөөнөттүү пайдалануу жана жасалмалоодон коргоосу бар маалымкаттар болуп эсептелишет.

Толтурулган анкеталар 32 мамлекеттик органдардан алынган.

Берилип жаткан маалымкаттар боюнча келип түшкөн анкеталарга талдоо жүргүзүү үчүн суралып жаткан документтердин санын, ошондой эле маалымкаттарды берүү үчүн талап кылынуучу убакытты аныктоого мүмкүндүк берген. Андан тышкары, маалымкатты алуу үчүн зарыл болгон жана потенциалдуу автоматташтырылышы керек болгон документтер тизмеги жарандардын маалымкаттарды алуусун жөнөкөйлөштүрүү жана мамлекеттик кызматкерлердин иштеп чыгуу жол-жобосун жеңилдетүү үчүн аныкталган. Бул автоматташтыруу жана маалыматтар базаларын түзүү жолу менен маалымкаттарды талап кылууларды жокко чыгаруу боюнча баа берүүгө шарт түздү.

 

Изилдөөнүн жыйынтыгында төмөнкүдөй жыйынтык чыгарылды:

  • жарандарга 32 мамлекеттик органдар тарабынан 161 маалымкат берилет;
  • жарандардан 27 мамлекеттик органдар тарабынан 187 маалымкат талап кылынат;
  • 161 маалымкатты алуу үчүн жарандар ар түрдүү документтерин 517 жолу берүү зарыл болот;
  • 161 маалымкатты алуу үчүн жарандар 188 документти алып келүү керек;
  • 36 берилип жаткан маалымкатты Биринчи кезектеги маалыматтар базаларын ишке киргизүү Планы ишке ашырылгандан кийин автоматташтырууга мүмкүн болот.
  • 92 суралып жаткан маалымкаттарды Биринчи кезектеги маалыматтар базаларын ишке киргизүү Планы ишке ашырылгандан кийин автоматташтырууга мүмкүн болот.

 

Мамлекеттик органдар тарабынан суралуучу жана берилүүчү маалымкаттар тууралуу маалыматтарды салыштыруудан улам, төмөнкүлөрдү системалаштырып аныктоо мүмкүндүгү пайда болду:

  • кайсы мамлекеттик орган кандай маалыматтар базасын түзүшү керек;
  • кайсы мамлекеттик орган башка мамлекеттик органдын маалыматтар базасына туташуусу керек;
  • кайсы мамлекеттик орган кайсы маалыматты автоматтык түрдө берүүгө тийиш;
  • кайсы мамлекеттик орган кайсы маалыматты автоматтык түрдө алууга тийиш.

Бул талдоо мамлекеттик жана муниципалдык органдардан берилген маалыматтарга ылайык гана түзүлгөндүктөн, айрым маалымкаттар талдоого киргизилбей калуу тобокелдиги бар.

Ошону менен бирге, жүргүзүлгөн талдоо автоматташтыруунун эң көп талап кылынуучу тармактарын аныктоого мүмкүндүк берет.

Маалымкаттарга жүргүзүлгөн инвентаризациялоонун жыйынтыгы болуп биринчи кезектеги маалыматтар базаларынын жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн таблицасы («жол картасы»), ошондой эле мамлекеттик органдар тарабынан сураштырылуучу жана берилүүчү маалымкаттарды автоматташтыруу боюнча План эсептелип калды.

Маалымкаттар боюнча толук изилдөө менен https://www.tunduk.gov.kg/ сайтынан таанышууга мүмкүн болот.

 

Жеткиликтүү электрондук сервистер тизмеги менен кайдан таанышууга болот?

 

Иштелип чыгарылган электрондук сервистер тизмеги менен https://catalog.ordo.gov.kg/,  сайтынан таанышууга мүмкүн болот, ал автоматтык түрдө «Түндүк» тутумуна туташтыруу учурунда жаңыртылат.

 

«Түндүк» тутумуна юридикалык жактар туташа алышабы?

 

«Түндүк» тутумуна банктар, камсыздандыруу компаниялары, дарыканалар, кредиттик бюро жана башка юридикалык жактар туташа алышат.